Кунама
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Куна́ма (база, базен, базин, бадин) — Эритреянын түндүк-батышында (Гаш-Барка региону) жашаган эл. Саны 260 миң. Эритреянын калктын 2% түзөт.
Remove ads
Тил
Кунама тилинде сүйлөшөт. Ал обочолонгон (изоляцияланган) тил гипотетикалык Нил-сахара макроүй-бүлөсүнө шарттуу түрдө кирет.
Жазуусу — латын алфавиттин (19 кылымдын аягынан баштап) негизинде. Үндүү тамгалардын үстүнө коюлган атайын диакриттик белгилери тоналдыкты билдирет.
Кунама тили аймаса, барка, битама, илит, марда, сокодаса, таказза-сетиит, тиграй жана тика диалектерине бөлүнөт. Битама жана илит диалектери башка кунама диалектеринде сүйлөгөндөр үчүн аз түшүнүктүү. Барка диалекти баардык кунама диалектеринде сүйлөгөндөр үчүн түшүнктүү.
Кунама элдин көпчүлүгү семит (тигре, тигринья ж.б.) тилдерин да билишет.
Remove ads
Дин
Мусулмандар (сүннөттөр) жана христиандар (протестанттар) бар. Байыркы салттуу ишенимдердин да избасарлары бар.
Чарбалык иштер
Кунама эли Гаш-Барка регионундагы Гаш-Сетит түшүмдүү түздүгүндө турат. Негизи айдоо чарбасы (сорго, таруу, буудай, арпа, буурчак өсүмдүктөр, пахта) өнүккөн.
Ошондой эле мал жана төө кармашат.
Коом
Байыркы кунама көчмөн уруулары азыркы мекенине түштүк-батыш тараптан келишкен. Кунамага чейин башка этникалык топтор турчу, бирок алар кетүүгө мажбур болушту. Орто кылымдарда кунама элинин өз мамлекеттүүлүгү болгон.
Салттуу коомдук уюм гендердик структура менен мүнөздөлөт. Коомдо матриархаттын элементтери сакталууда. Аялдар маанилүү рол ойношот. Социалдык чөйрөдө, эгер баланын энеси кунама улутунан болсо, анда ал бала кунама коомунун толук кандуу мүчөсү болуп эсептелет. Энеси жактан туугандар гана тууган катары болуп таанылат.
Белгилүү матриархалдык кландары: алака, лакка, серма, кара, натака.
Материалдык маданияты тиграи жана тигре элдеринин маданиятына жакын. Лингвистика жактан нара тили менен байланыштар бар.
Remove ads
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads