Кыргыздар

Түрк элдеринин бири, Кыргызстандын негизги калкы From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Кыргыздар — негизинен Орто Азиягы мекендеген түрк тилдүү эл. Кыргыз Республикасынын калкынын негизги бөлүгүн түзөт.

Ыкчам фактылар Мамлекеттер жана аймактар, Тили ...
Remove ads

Этногенез

Генетика

Генетикалык жактан алганда, кыргыздар Түштүк Сибирдин Алтай-Саян аймагы менен Борбордук Азиянын аймактарынын ортосунда орунду ээлейт — R1a1a-Z93 (42,1 %), C-M130 (33,1 %), N1a2b-P43 (12,1 %), O-M175 (3,7 %), R1b1b1-M73 (3,3 %), Q-M242 (1,2 %), G-M201 (1,2 %).

Этноним

Негизги макала: «Кыргыз» этноними

Кыргыздардын этногенези, ошондой эле «кыргыз» этноними менен термини илимий чөйрөдө бүгүнкү күнгө чейин талаштуу маселелерди жаратып келет. С.М. Абрамзондун пикиринде, эгерде X–XI кылымдарга чейин «кыргыз» аталышы этностук өзөктөн кеңири жайылган болсо, бул кылымдардан кийин тескерисинче, кыргыз этногенезине катышкан уруулардын аймактары бул атка байланыштуу мейкиндикти дагы да кеңейткен[1]. Демек, тарыхтын алгачкы этаптарында «кыргыз» деген аталыш этностук мааниге караганда көбүрөөк саясий мааниге ээ болгон.

«Кыргыз» этноними алгач Хань династиясынын жыл баян-дарында (Сыма Цянь «Ши-цзи») б. з. ч. 201 жылы, кийин Суй, Тан, Юань, Сунь, Цинь династияларынын мезгилдериндеги (б.3.ч. II к. - б. з. XVIII к.) маалыматтарда эскерилет [2].

Тили

Негизги макала: Кыргыз тили

Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдери курамына, анын ичинде кыргыз-кыпчак же тоо-алтай тобуна кирет. Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын, Кытайдагы, Өзбекстан, Тажикстан Республикасында Ооганстан, Түркия, Орусияда жашап жаткан кыргыздардын эне тили.

Кыргыз тили түндүк жана түштүк диалектилеринен турат[3].

Араб жазуусу 1928-жылга чейин СССРдин курамындагы Кыргызстанда жана азыркы учурда кытайдагы кыргыздар тарабынан колдонууда. 1928-1940-жылдары СССРдин курамындагы Кыргызстанда латын алфавити колдонулган. 1940-жылдан баштап кириллица колдонулуп келет.

Кыргыз адабий тилинде 36 тамга, 39 тыбыш бар. Анын он төртү (8 кыска, 6 созулма) үндүү, 25 үнсүз тыбыш: (б, в, г, г, д, ж, д, ж (аффриката) з, й, к, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ) 22 тамга менен белгиленет[4][5].


Remove ads

Дини

Маданияты

Колдонулган адабияттар

Булактар

Тышкы шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads