Кыргызстандын конституциясы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Кыргызстандын конституциясы — Кыргызстандын башкы мыйзамы. Азыркы учурда колдонуудагы конституция 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган.
Кыргыз АССРинин 1929-жылкы конституциясы
1929-жылдын 30-апрелинде Экинчи Бүткүлкыргыз Кеңештер съезди Конституция долбоорунун акыркы редакциясын карап чыгып аны бекиткен. Кыргыз АССРинин 1929-жылдагы Конституциясы ОСФСР Конституциясынын негизинде кабыл алынган. Кыргыз АССРинин 1929-жылдагы Конституциясына чейин кыргыз тарыхында бир да конституция болгон эмес.
Кыргыз ССРнин 1937-жылкы конституциясы
Кыргыз ССРнин 1978-жылкы конституциясы
Кыргыз Республикасынын 1993-жылкы конституциясы
5-май 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – «легендардуу парламенттин» 12-сессиясында Кыргызстан Конституциясын кабыл алган. «Легендардуу парламенттин» курамы 1990-жылдагы биринчи альтернативдик шайлоодо түзүлгөн. Бул парламент КР мамлекеттик көзкарандысыздыгына саясий жана укуктук негиздерди жана демократиялык коомду куруу жана эркин базар саясатын уюштурууну түзгөн бийлик органы катары тарыхта калган. «Легендардуу парламент» тарабынан кабыл алынган тарыхый актылар:
- Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө декларация (15-декабрь 1990-жыл);
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация (31-август 1991-жыл);
- Кыргыз Республикасынын конституциясы (5-май 1993-жыл).
Remove ads
Кыргыз Республикасынын 2010-жылкы конституциясы
2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституцияда республиканын башкаруу формасы жазылган эмес[1]. Расмий булактарда парламенттик башкаруу формасы тууралу айтылган[2]. Де-факто башкаруу формасы — парламенттик-президенттик (аралаш) болгон.
2016-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 25-жыл болгонуна арналган парадындагы Алмазбек Атамбаевдин сөзүнөн:
Биринчиден, 2010-жылкы Конституция өлкөдө парламенттик башкарууну орноткон жок. Бул Конституция бизди президенттик-парламенттик тутумга алып келген, ал авторитардык режимди түзүү үчүн бардык шарттарды камтыйт.Түп нуска текст (орусча)Во-первых, Конституция 2010 года не ввела в стране парламентскую систему правления. Эта Конституция привела нас к президентско-парламентской системе, и в ней заложены все условия для создания авторитарного режима.
— А. Ш. Атамбаев[3]
Бул конституция 2021-жылдын 5-майына чейин күчүндө болгон.
Remove ads
Кыргыз Республикасынын 2021-жылкы конституциясы
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads