Кыргыз темир жолу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Кыргыз темир жолу — өлкөнүн темир жол транспорту тармагы. Ал XX кылымдын башында калыптана баштаган. Мурда Кыргызстандагы темир жол (1992-жылга чейин) Алматы темир жолунун башкармалыгынын Фрунзе филиалы болгон. Бул филиал 1992-жылы Кыргыз темир жолу башкармалыгы болуп уюшулуп, анын базасында 2005-жылы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы түзүлгөн.
Кыргызстанда алгачкы темир жол каттамы (Луговой — Пишпек) 1924-жылы ишке кирген. Андан кийин бара-бара калган каттамдар (Кувасай — Кызыл-Кыя, Жалал-Абад — Көк-Жаңгак, Фрунзе — Кант, Кант — Токмок ж. б.) курулган. Компаниянын темир жол тармагы — түндүк жана Түштүк болуп бөлүнүп, ага тиешелүү темир жолдун узундугу 423,9 км, (анын ичинен 60,3 кми Казакстандын аймагында, 101,2 кми Түштүк Кыргызстанда, калганы түндүктө. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын курамына 10 структуралык бөлүк кирет.
Remove ads
Тарыхы
Кыргызстандагы алгачкы темир жол 1915-жылы Кара-Суу шаарынан Жалал-Абад станциясына чейин курулуп, пайдаланууга берилген. 1913–1931-жылдары курулган темир жол тармактары ошол кездеги Борбордук Азия менен Сибирди байланыштырган Туркестан–Сибирь (Турксиб) магистралынын бир бөлүгү болгон. Бул жол Борбордук Азияда пахтачылыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, Сибирден дан жана ун азыктарын ташуу үчүн эң кыска транспорттук байланыш катары кызмат кылган. Турксиб темир жолу тарыхтагы эң татаал жана узак мөөнөттүү курулуш иштеринин бири болуп эсептелет[1].
Remove ads
Турксиб курулушу
1924-жылы жаз айларынан тартып Казакстандын түштүгүндө жана Кыргызстандын түндүгүндө темир жол курулуш иштери күч алган. Москва, Ленинград, Харьков жана башка шаарлардан адистер келип, кыргыз жана казак жумушчулары менен биргеликте иш жүргүзүшкөн. Жалпысынан 2300 адам үзгүлтүксүз эмгектенген.
Ошол жылы июль айында Казакстандын Аулие-Ата (азыркы Тараз) станциясынан тартып, Кыргызстандын Кайыңды станциясына чейин курулуш аяктап, турак-жайлар жана станциялар салынган. Жети ай ичинде (февраль–август) Аулие-Ата – Пишпек темир жолу пайдаланууга берилген. Анын жалпы узундугу 266 км болгон.
1924-жылдын 8-августунда Пишпек (азыркы Бишкек) станциясына биринчи поезд келген. Бул учур Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун өкмөтү жаңыдан түзүлүп жаткан мезгилге туура келген жана чоң салтанат менен белгиленген. Ошол убактан тартып “Кант–Рыбачье”, “Фрунзе–Рыбачье”, “Кант–Токмок” сыяктуу темир жолдордун курулушу улантылган[1].
Remove ads
Азыркы абалы
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын темир жолунун жалпы узундугу 424,6 км. Ал коңшулаш Казакстандын жана Өзбекстандын темир жол магистралдарына туташып, өлкөнүн негизги жүк жана жүргүнчү ташуу байланыштарын камсыз кылат.
Темир жол инфраструктурасы төмөнкүлөрдөн турат:
- 424,6 км негизги темир жолдор,
- 220 км станциялык жолдор,
- 66,4 км кошумча (кайрылыш, подьезддик) жолдор[1].
«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы
СССРдин Транспорт министрлигинин 1958-жылдын 13-майындагы токтомунун негизинде “№6-Пишпек жол бөлүмү” кайра түзүлүп, “Казак темир жолунун №10-Фрунзе бөлүмү” болуп аталган. 1977-жылдын 18-ноябрында СССРдин Жол каттамдары боюнча министрлигинин буйругуна ылайык, бул бөлүм Алма-Ата темир жолунун курамына киргизилип, “Ленин орденинин ээси Алма-Ата темир жолунун №3-Фрунзе бөлүмү” деген наам алган[2].
Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден кийин, 1992-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Алма-Ата темир жолунун №3-Фрунзе бөлүмү” негизинде “Кыргыз темир жолу Башкармалыгы” түзүлгөн. Мындан ары өлкө аймагындагы темир жол тармагы улуттук деңгээлде башкарылып, көз карандысыз өнүгүүгө жол ачылган[2].
2005-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун Жарлыгынын негизинде “Кыргыз темир жолу Башкармалыгы” “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасы болуп кайра уюштурулган. Ошол эле жылдын 19-июлунда бекитилген токтомго ылайык, жаңы компания мурунку башкармалыктын ишинин улантуучусу катары расмий ишмердүүлүгүн баштаган[2].
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясынын ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги тескейт. Ал темир жол транспорту жана жалпы транспорттук саясатты ишке ашырууда негизги мамлекеттик орган болуп саналат[2].
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads