Көк-Суу (чыгыш)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Көк-Суу — Алай районунун аймагы аркылуу аккан суу. Чыгыш Кызыл-Суунун алабына кирет. Алайкуу кырка тоосунан башталат. Узундугу 80 км, алабынын аянты 976 км2. Жогорку агымында кууш өрөөн аркылуу агат. Өзөнү ичке келип, көптөгөн босоголор кезигет. Ортонку агымында өзөнү кеңейип барып, Кызыл-Сууга куят да, андан кийин чыгышты (Кытайды) карай агат. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 14,7 м3/сек. Май айында кире баштап, октябрда тартылат. Боюнда Эркеч-Там кыштагы орун алган.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads