Ла-Пас

From Wikipedia, the free encyclopedia

Ла-Пас
Remove ads

Ла-Пас, толук аталышы Нуэ́стра-Сеньо́ра-де-Ла-Пас (исп. La Paz, Nuestra Señora de La Paz, айм. Chuqiyapu) – Боливиядагы шаар, 1898-жылдан бери өлкөнүн расмий борбору жана Ла-Пас департаментинин административдик борбору. Андыда, Кордильера-Реаль кырка тоосунун этегинде, Ла-Пас дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Калкы 755,732 (2024)[1][2]. Эл аралык аэропорту бар. Шаар аркылуу Панамерика шоссеси өтөт. Испандар тарабынан 1548-ж. негизделген. Собор (1830), Сан-Агустин (1668), Санто-Доминго (1726), Сан-Франциско (3 нефтүү базиликасы менен; коңгуроолуу, 1885) жана башка чиркөөлөр сакталган. Боливиянын ири экономикалык чордону. Кайра иштеп чыгаруучу өнөр жай ишканасынын продукциясынын 2/3 бөлүгү чыгарылат. Текстиль, тамак-аш, булгаары-бут кийим, цемент жана башка өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк (күмүш, алтын, карапа буюмдар жасалат) өнүккөн. Университеттер, ИА, китепканалар, музейлер (анын ичинде улуттук археологиялык, «Тиауанако» улуттук көркөм), театр жана башка бар. Шаарга жакын жерде дүйнөдөгү эң бийик Чакалтая тоо лыжа базасы (деңиз деңгээлинен 5400 м) жайгашкан жана шаардан 72 км батышта байыркы Тиауанако шаарынын калдыктары (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) бар.

Thumb
Ла-Пас.
Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads