Макакалар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Макакалар
Remove ads

Макакалар (лат. Macaca) – тар таноолуу маймылдар уруусу. Дене Узундугу 40–75 см. Буттары кыска, күчтүү. Жүнү саргыч, айрымдарынын жонунда узатасынан каралжын издери, башында «тумагы», бетинде бакенбарды, муруту, сакалы бар. Кулагы жүнсүз, учтуу. 12 түрү (айрым маалымат боюнча 19, 20) Түштүк жана Чыгыш Азияда, Малайя архипелагынын Филиппин аралында, Түндүк Африкада, Европада таралган. Жаандуу тропик жана тоолуу токойлордо, токойлуу мелүүн алкактарда, аскалардагы бадал арасында жашайт. Бакта жана жерде топтошуп жүрүшөт. Ылгабай азыктанат. 2–3 жашында жыныстык жактан жетилет, баласын 180 күн көтөрүп тууйт. 2 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Thumb
жапон макагы (Macaca fuscata).

Булардын төмөнкү түрлөрү бар: кызыл макак (М. speciosa), кара макак (М. maurus), макакмаймыл (М. mulatta), чочкокуйрук макак (М. nemestrinus), Ява макагы (М. fascicularis), жапон макагы (М. fuscata).

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Калып:Bio-stub

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads