Манас (философия)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Манас (санскритче – акыл) – байыркы Индия философиясынын негизги түшүнүктөрүнүн бири; бардык менталдык болгон нерселерди камтуучу эң кеңири маанидеги акыл; сезүү органдары аркылуу кабыл алынуучу таасирлерди түшүнүүгө, б. а. ой жүгүртүүгө жана ушул таасирлерге жооп берүүгө жөндөмдүү интеллект; кабылдоо, сезим, аң-сезим, эрк; кабылдоонун жана таанып билүүнүн ички органы; анын жардамы менен ой жүгүртүү келип чыгуучу аспап (жөндөмдүүлүк), ал эми кабылдоо объектилери жан дүйнөгө таасир этет.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads