Манас (чоку)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Манас чокусу — Талас Ала-Тоосунун эң бийик жери. Бийиктиги 4482 м. Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн түндүктү көздөй кеткен тармагында жайгашкан жылаңач чоку. Капталдары өтө тик, кар- мөңгү токтобойт. Палеозойдун сланец, акиташ теги, кумдук тоо тектеринен турат. Түш.-чыгыш капталындагы мөңгүдөн Күркүрөө суусу башталат. Чокуга алгачкы жолу 1933-ж. москвалык альпинист Э. С. Левин чыккан.

Remove ads
Манас чоку
- Топоним, Иле Ала-Тоосунун ортолук бөлүгүндөгү Талгар тоосунан башка өзүнчө турган тоо, чоку. Казакстандын Алматы обласынын аймагында. 1855-жылы топограф капитан Е.П. Ворониндин өлчөөсү боюнча Манас Чокусунун бийиктиги 10667 фут (3251,2 м). Кийинки маалыматтар белгисиз.
- Топоним, Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы, Кыргыз Ала-Тоосунун күн батыш жак кырындагы тоо. Нылды (Талас суусунун оң куймасы) суусунун башында. Бийиктиги 3820 м. Талас шаарынан 25 км түндүктө. Манас, Семетей жердеген Кеңкол өрөөнүнүн башы ушул Манас Чоку тоосуна барып такалат.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Archived 2016-03-27 at the Wayback Machine Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN 5-89750-013-4
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads
