Маркиз аралдары
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Маркиз аралдары – Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү жанар тоо аралдарынын тобу, Полинезияда. Франциянын ээлиги. Аянты 1,3 миң км2. Калкы 6 миңдей. Административдик борбору – Таиохаэ шаары. Эң бийик аралдары – Нукух Оива жана Хива-Оа. Маркиз аралдары жанар тоо атылыштарынан пайда болгон базальт жана туф тектеринен турат. Бийиктиги 1259 мге чейин. Климаты тропиктик, пассаттык. Жылдык жаан-чачыны 1000–2500 мм. Нымдуу тропик токою, бадалдуу саванна ээлейт. Тропик дыйканчылыгы өнүккөн. Балык кармалат. Бермет чогултулат.


Маркиз аралдарын 1595-жылы испан деңиз саякатчысы А.Менданья де Нейра ачкан; Перунун вице-королу маркиз Мендосанын ысмынан аталган. Хива-Оа аралында өмүрүнүн акырына чейин атактуу француз сүрөтчүсү П. Гоген жашап өткөн. Туризм өнүккөн.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads