Метастаз
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads

Метастаз
Метастаз — оорунун башталган жеринен оору пайда кылуучу агенттердин (микроорганизмдер, шишик клеткалары жана башкалар) кан же лимфа менен келишинен пайда болгон экинчи патологиялык очок. Пайда кылуучу агенттерге жараша инфекциялуу метастаз жана шишик метастазы, ал эми таралуу жолуна байланыштуу лимфогендүү жана гематогендүү болуп айырмаланат. Азыркы метастаз түшүнүгү көбүнчө зыяндуу шишик клеткаларынын таралышын билдирет.
Remove ads
Оорунун жүрүшү
Метастазда оору пайда кылуучу агент кан же лимфа агымына түшүп, аны менен жылып келген жеринде оору процесси пайда болот. Метастаздын темпи, жайылышы ар түрдүү жана шишиктин мүнөзүнө жараша болот. Канга түшкөн шишик клеткаларынын баары метастаз пайда кылат. Метастаз жалгыздан болсо хирургиялык операция жасап, алынып салынат, ал эми көптөгөн Метастазды комплекстүү дарылап, нур менен дарылоо жана химия терапия колдонулат.
Remove ads
Колдонулган адабият
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads