Микронезия

From Wikipedia, the free encyclopedia

Микронезия
Remove ads

Микронезия («Кичи аралдар», б.-грек. μικρός — кичинекей + νῆσος — арал) — Океаниядагы майда аралдардын топторунун жалпыланган аталышы. Гилберт аралдарынан, Мариана аралдарынан, Маршалл аралдарынан жана башка майда аралдардан турат[1].

Thumb
Микронезиянын картасы
Thumb
Меланезия, Микронезия, Полинезия жана Австралия аймактара, ошондой эле Океаниянын эгемендүү жана көз каранды аймактары
Thumb
Эгемендүү жана көз каранды аймактардын чек аралары

Микронезияда кургактыктын жалпы аянты жана калкынын саны өтө аз, бирок бул аралдардын айланасында,аянты жагынан абдан чоң деңиз экономикалык аймактары орун алган.

Remove ads

Тарых

Микронезия элдери бул аймактарга бир нече миң жыл мурун келип отурукташкан.

XVI кылымда Микронезиянын дээрлик баардык аймагы Испаниянын колониясына айланган. XIX кылымда Науру Германиянын колониясына, ал эми Гилберт аралдары Британиянын колониясына айланган.

1898-жылы Испан-америкалык согушунан кийин Гуам аралы АКШга, башка мурунку испаниянын колониясы Германияга өткөн.

1914-жылы Германия Микронезиясын Жапония басып алган. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин, жапондордун бардыгы Микронезиядан чыгарылган, мурунку жапон аймактары АКШ башкарган БУУ тарабынан калкаланган аймактарга айланган.

1950-жылдары АКШ бул жерде өзөктүк куралдарды сыноолорду өткөргөн.

Гуамдан башка бардык Микронезиянын аймактары көз карандысыздыка жетишип, азыр өз алдынча мамлекеттер болуп саналышат[2].

Remove ads

География

Микронезия — Океаниядагы болжол менен 2100 аралды камтыган аймак, жалпы аянты 2700 км2, аралдарынын аянты жагынан эң ириси Гуам, анын аянты 582 км2. Аралдардын периметриндеги жалпы океан аянты 7,400,000 км2[3].

Микронезияда төрт аралдардын негизги топтору бар:

Науру өзүнчө аралда жайгашкан мамлекет жана курамына кандайдыр бир аралдардын топторун камтыбайт.

Remove ads

Мамлекеттер жана көз каранды аймактар

Микронезия төмөнкү мамлекеттерди жана көз каранды аймактарды камтыйт:

Толук маалымат Өлкө, Калкы ...

Булактар

Тышкы шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads