Молекулалар аралык өз ара аракеттешүү

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Молекулалар аралык өз ара аракеттешүү – электрдик нейтралдуу атомдор же молекулалардын өз ара аракеттешүүсү.

Реалдык газдын идеалдык газдан айырмаланышы суюктуктардын жана молекулалык кристаллдардын пайда болуусу ж. б. көптөгөн кубулуштар. Молекулалар аралык өз ара аракеттешүү менен шартталат. Заттын абалы жана анын касиеттери М. а. ө. а. а-нүн потенциалдык энергиясына (U) көзкаранды. Ошондуктан Молекулалар аралык өз ара аракеттешүү Uнун молекулалар арасындагы аралыкка (r) болгон көзкарандылыгын көрсөткөн U(r) функциясы менен мүнөздөлөт. Молекулалар аралык өз ара аракеттешүү түшүнүгү Я.Д.Ван-дер-Ваальс суюктук жана реалдык газ касиеттерин түшүндүрүү үчүн киргизген (1973) (к. Ван-дер-Ваальс күчтөрү). Бул күч тартышуу жана түртүшүү күчтөрүнүн суммасына барабар. Тартышуу күчтөрү дисперсиялык, индукциялык жана багыттоочу күчтөргө бөлүнөт.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads