Мономерлер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Мономерлер (моно жана гр. теros — бөлүк) — полимерлөө жана поликонден-сация реакцияларына кирип, полимерди пайда кылуучу, мол. с. кичине органикалык бирикмелер. Полимерлөө реакциясында М. мол-сындагы кош (мисалы, этилен ката-рындагы углеводороддор, диендер) жана үчтүк байланышы (ацетилен катарындагы углеводороддор, нитрилдер) же циклдери (олефиндер оксиддерди лактамдар, лактондор) оной ачылуу (үзүлүү) менен (мында активдүү радикалдарды же иондорду пайда кылат) полимерленет. Поликонденсация реакциясына бири-бири менен өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүү болгон экиден кем эмес функционалдык топтору бар (диаминдер, дикарбон к-талары, аминкталар, гликолдор жана башка) М. молекулалар кирет. Мисалы, белок полимердик бирикме, М. — аминк-талары. Бифункционалдуу М. түз сызыктуу, экиден көп функционалдык топтору бар М. тармакташкан жана тор сыяктуу полимерлер алынат. Өндүрүштөгү эн маанилүү М. — этилен, винилхлорид, стирол, бутадиен, фенол жана башка
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads