Мээрим Жуманазарова
Кыргызстандык спортчу, эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону (2021) From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Мээрим Жуманазарова (төр. 9-ноябрь 1999, Бакай-Ата району, Талас облусу, Кыргызстан) — кыргызстандык спортчу, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону (2021), Дүйнө кубогунун ээси (2020), Париждеги олимпиаданын күмүш медалынын ээси (2024), Токиодого олимпиаданын коло медалынын ээси (2020), Азия чемпиону (2021) жана Азия оюндарынын медалчысы[1]. Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
Remove ads
Өмүр баяны
Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна 1999-жылы 9-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Атасы Рахмадил Жуманазаров 1955-жылы туулган, эркин күрөш боюнча машыктыруучу. Апасы Айнура Чолпонкулова 1971-жылы туулган, кесиби фельдшер-лаборант. Мээрим — сегиз бир туугандын төртүнчүсү.2005-2014-жылы туулуп өскөн айылындагы Токтогул Чогушев атындагы орто мектепте окуган; 2014-2016-жылдары Кыргызстан Эл аралык университетинин колледжинде билим алган; 2017-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин 1-курсунун студенти
Remove ads
Карьерасы
- 2014-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
- 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
- 2016-жылы Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль;
- 2017-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында алтын медаль;
- 2017-жылы Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль;
- 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль.
- 2020-жылы Токиодогу Жайкы олимпиада оюндарында коло медаль.
- 2024-жылы Париждеги Жайкы олимпиада оюндарында күмүш медаль [2]
Remove ads
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads