Нацисттик Германия
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Нацисттик Германия, ошондой эле фашисттик Германия, Үчүнчү рейх (нем. Das Dritte Reich), гитлердик Германия катары белгилүү, 1943-жылга чейин расмий аталышы ― Германиялык рейх (нем. Deutsches Reich), андан кийн Улуу германиялык рейх (нем. Großdeutches Reich) ― 1933―1945-жылдары НСДАПнын тоталитардык башкаруусундагы Германия.
Remove ads
Этнохроним
«Үчүнчү рейх» термини о. кылымдагы үч падышалык жөнүндөгү мистикалык окуудан алынган. «Үчүнчү» же «мин жылдык» рейх (о. кылымдагы «Ыйык Рим империясы» 1-рейх, 1871-1918-жылдардагы Германия империясын 2-рейх деп эсептешкен) жөнүндөгү миф өзүн социалдык өнүгүүнүн «жогорку», «акыркы» етадиясы деп жарыялап, дүйнөлүк үстөмдүккө умтулган фашизмдин идеологиялык негизи болгон. 1938-ж. мартта Германияга Чехия жана Клайпеда крайы бириктирилген, 1939-ж. сентябрда Германия Данциг шаарын жана Полынаны басып алган. Экинчи дүйнөлүк согуштун башында Германия Европанын (Испания, Португалия, Швейцария жана Швециядан башка) көп бөлүгүн көзөмөлдөп турган. 1945-ж. 23-майда рейхспрезидент Карл Дёниц жетектеген Фленсбург өкмөтү таркатылган соң, «Үчүнчү рейх» өкүм сүрүүсүн токтоткон.
Remove ads
Оккупациялануусу

1945-1949-жылдары Германиянын аймагы СССРдин, Улуу Британиянын, АКШ, Франциянын аскерлери тарабынан оккупацияланып, алардын аскердик администрацияларынын көзөмөлүндө болгон.
Булактар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads