Нюрнберг

From Wikipedia, the free encyclopedia

Нюрнберг
Remove ads

Нюрнберг (нем. Nürnberg) — Германиядагы шаар. Пегниц дарыясынынөйүз-бүйүзүндө жайгашкан.

Thumb
Нюрнберг

Калкы 504,5 миң (2010). Жол тоому. Метрополитен иштейт. Машина куруу, түстүү металлургия, электр-техникалык, полиграфия, жыгаччылык, жеңил өнөр жай; карандаш жана оюнчук өндүрүшү иштейт.

Алгач 1050-жылдан эскерилет. 1219-жылдан эркин империя шаары. Консерватория (1821), музейлер (Германия улуттук, транспорт, оюнчук), шаардык сүрөт топтому, кол өнөрчүлөрдүн конок үйлөрү, сүрөтчү А. Дюрердин үй-музейи (ушул шаарда туулган), опера театры (1905) бар. Император сепили (11-кылым), соңку готика стилиндеги чиркөөлөр (13–15-кылым), 15–17-кылымга таандык турак жайлар сакталган. 1945–46-жылы Нүрнберг процессинде эл аралык аскер трибуналы тарабынан 2-дүйнөлүк согуштун башкы согуш кылмышкерлери соттолгон.

Remove ads

Галерея


Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads