Одра

From Wikipedia, the free encyclopedia

Одра
Remove ads

Одра, Одер (чехче жана полякча Odra, нем. Oder) – Чехия (баш жагы), Германия, Польшадагы дарыя (көп бөлүгү алардын чек арасы аркылуу агат). Узундугу 860 км, алабынын аянты 119 миң км2дей. Судет тоолорунан башталып, басымдуу бөлүгү Ортонку Европа түздүгү менен агып, Балтика деңизиндеги Щецин булуңуна куярда эки салаага бөлүнөт. Негизги куймалары: Бубр, Ныса-Лужицка (сол), Варта (оң). Орточо чыгымы 540 м3/сек, кышында жана жазында суусу мол болот. Жогорку агымына чейин кеме жүрөт; Эльба жана Висла дарыясы менен канал аркылуу туташат. Боюнда Острава (Чехия), Ополе, Вроцлав, Щецин (Польша), Франкфурт-на-Одере (Германия) шаары жайгашкан.

Ыкчам фактылар Одра, Мүнөздөмө ...
Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads