Ортопедиялык корсеттер

From Wikipedia, the free encyclopedia

Ортопедиялык корсеттер
Remove ads

Ортопедиялык корсеттеромуртка тутумунун ооруларында, кыйшаюусунда, мертинүүсүндө колдонулуучу ортопедиялык аппарат.

Thumb
Ортопедиялык корсеттер: 1—тери шакшактуу корсет; 2— скелеттелген тери шакшактуу корсет; 3— баш кармагычы бар тери шакшактуу корсет.

Корсеттер тууралуу

Ал омурткалардын кыймылын азайтуу, жүгүн жеңилдетүү жана деформациясын түзөтүүгө арналган. Ортопедиялык корсеттер жумшак, ийилгич, анча катуу эмес жана катуу болот. Корсеттер түрдүү материалдан (тери, кездеме, гипс, металл, пластмасса жана башкалар) протез-ортопедиялык мекемелерде жасалат. Ал чак, тыкан болушу үчүн оорулууга ченеп жасалып, гипс калыпка салынат. Врач оорунун мүнөзүнө жараша түрдүү (кыймылдатпоочу, жеңилдетүүчү, түзөтүүчү) ортопедиялык корсеттер ди сунуш кылат. Кыймылдатпоочу жана жеңилдетүүчү корсеттер омуртка туберкулёзунда, сыныгында, мертингенде операциядан кийин жабыркаган омуртканы кыймылдатпоо жана ага келүүчү оордукту азайтуу максатында колдонулат.

Remove ads

Сунуштар

Түзөтүүчү ортопедиялык корсеттер омуртканын кыйшаюусунда сунуш кылынат. Өзгөчө балдарда омуртканын андан ары күчөп кыйшаюусун алдын алуу жана бир аз түзөтүү үчүн мааниси чоң. Ортопедиялык корсеттерди кийип жүрүү мөөнөтүн врач белгилейт. Аны көпкө кийүүдөн дене булчуңдары алсыздангандыктан врачтын сунушу боюнча айыктыруучу гимнастика, массаж жасоо зарыл.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads