Пазылов Абибилла
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Пазылов Абибилла – адабиятчы, жазуучу, журналист, драматург, сценарист, публицист, котормочу.
Пазылов, Абибилла | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Пазылов, Абибилла |
Туулган жылы: | 18.11.1956-жыл |
Туулган жери: | Шоро-Башат айылы, Өзгөн району, Ош облусу, Кыргызстан |
Өлкө: | ![]() ![]() |
Ишмердүүлүгү: | адабиятчы, жазуучу, журналист, драматург, сценарист, публицист, котормочу |
Сыйлыктары: | Эл аралык Айтматов сыйлыгынын, республикалык А.Токомбаев атындагы адабий сыйлыктын ээси |
Чыгармачылык активдүүлүгү: | 1979-жылдан тартып |
Театр: | Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры |
Remove ads
Өмүр жолу
1970–1974-жж. А.С.Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынан билим алып, А.Осмоновдун ысымы ыйгарылган адабий ийримге жигердүү катышкан.
1974-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө тапшырып, андан үч жыл билим алгандан кийин, Ленинграддагы Мамлекеттик университеттин журналистика факультетине которулган. Аталган университетти 1980-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолун «Кыргызстан маданияты» гезитинде иштөө менен баштап, көптөгөн адабий сын-макалаларды, рецензияларды жазган.
Андан соң «Ала-Тоо» журналында, жана башка гезиттерде иштеп, публицистикалык чыгармаларды жараткан.
Мектепте окуп жүргөндө анын туңгуч кабарлары мезгилдүү басма сөзгө жарыяланган жана чыгармалары жамааттык жыйнактарда, журналдарда жарык көргөн.
Ал ар кыл китептерди түзүүгө, которууга да катышып келатат.
Бир нече жылдар бою Кыргызстан Жазуучулар уюмунун адабий кеңешчиси, жооптуу катчысы болуп иштеген.
1990-жылы драматургия жанрына өтүп, пьесалары сахналаштырылган. Кийинчерээк кыска метраждуу, даректүү фильмдердин сценарийлерин жазган.
2008-жылы Чыңгыз Айтматовдун «Жаабарс» романын которгон.
Автордун айрым аңгемелери орус, өзбек тилдерине которулуп, Россиянын интернет сайттарына жарыяланган.
1986-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Remove ads
Жарык көргөн китептери
Замандаш: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 26 б.
Түштүктөн кат. – Б.: Учкун, 1999. – 95 б.
Орус тилинде
Газетчик Дзюо: Аңгеме. – Б.: Салам, 2006. – 26 б.
Котормолору
И. Бунин. Сан Францисколук мырза: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1983. – 26 б.
Айтматов Ч. Тоолор кулаганда (Жаабарс): Роман. – Б.: Бийиктик, 2008. – 221 б.
Пьесалары жана кино сценраийлери
Куса (режиссеру З.Аклаева). – ЖКТ, 1996. (Т.Уралиев менен бирге).
Бир мертебе Бишкекте (режиссеру Ө.Абдуллаев). – Ош драма театры, 1997.
Жаабарс (режиссеру А.Сарлыкбеков). – «Учур» жаштар театры, 2003.
Ата (Кыска метраждуу фильм, режиссеру Б.Карагулов). – «Кыргызфильм», 2007.
Айтматов жана көрүүчү: Даректүү фильм, (режиссеру Р.Шершенова). – «Бишкек-фильм», 2008.
Боордош. Даректүү фильм (режиссеру Р.Шершенова). – «Кыргызфильм», 2009.
Remove ads
Сыйылыктары
Эл аралык Айтматов сыйлыгынын ээси.
Республикалык А.Токомбаев атындагы адабий сыйлыктын ээси.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Колдонулган адабият
- Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6
Интернет булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads