Паликир
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Паликир – Микронезия Федерация Штатынын борбору. Тынч океандын батыш бөлүгүндө, жанар тоонун аракетинен пайда болгон Понпеи аралында жайгашып, айланта шуру (коралл) рифтери менен курчалган. Климаты экватордук. Температурасы жыл бою 27°Сдин айланасында. Жылдык жаан-чачыны 3000-4000 мм (жылдын 300 күнү жамгырлуу). 1989-жылдан шаар статусуна ээ. Ага чейин өлкөнүн борбору Колониа шаары болгон. Калкы 7,5 миң (2010). Паликирдан 8 км алыстыкта жайгашкан Колониа шаарында эл аралык аэропорт, бир нече мейманкана, ресторан бар.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads