Педагогикалык психология

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Педагогикалык психология – психологиянын адамдын психикасынын өнүгүшүн окуп үйрөнүүчү жана пеихол. негиздерин изилдөөчү тармагы. Педагогикалык психология жалпы жана балдар психологиясы, ошондой эле педагогика менен тыгыз байланышта. Педагогикалык психология балдардын (өспүрүмдөрдүн) психикасындагы болгон өзгөрүүлөрдү изилдейт. Психология илиминин өзүнчө тармагы катары Педагогикалык психология 19–20-кылымдарда калыптанган. К. Д. Ушинский: «Эгер педагогика адамды бардык жагынан тарбиялагысы келсе, анда ал аны бардык жагынан билүүгө тийиш»,- деген. Педагогикалык психология тарбия психологиясын жана окутуу психологиясын камтыйт. Педагогикалык психология боюнча изилдөөлөр окутуунун жеке ыкмасын иштеп чыгууда, окуу программасын жана окуу китебин түзүүдө маанилүү роль ойнойт.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads