Поликлиника
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Поликлиника (грекче polis – шаар жана клиника) ― ооруканадан тышкары дарылап, алдын алуу чараларын жүргүзүүчү медициналык мекеме. Поликлиника калкка адистештирилген атайын медициналык жардам көрсөтөт. Поликлиникада адис-врачтар кабыл алуучу терапиялык, хирургиялык, неврологиялык, стоматологиялык, рентген жана физиотерапия кабинеттери, диагностика лабораториясы, дарыкана ж. б. болот. Поликлиникада оорулуунун эмгекке убактылуу жарамсыздыгы аныкталат; ооруга байланыштуу жумуштан бошотуучу эмгекке жарамсыздык баракчасы (бюллетень) берилет, стационардык дарылоого жиберилет жана эмгекке такыр жарамсыз болгондор врачтык-эмгек комиссиясына жөнөтүлөт. Поликлиниканын иши участкалык принцип боюнча уюштурулат.
Remove ads
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads