Порт-Морсби

From Wikipedia, the free encyclopedia

Порт-Морсби
Remove ads

Порт-МорсбиПапуа-Жаңы Гвинея көз каранды эмес мамлекетинин борбору (1975-жылдан). Порт-Морсби борбордук округунун административдик борбору. Жаңы Гвинея аралынын түштүк-чыгышындагы түздүктө (материк катары эсептелет) жайгашкан. Климаты субэкватордук, деңиздик. Жылдык жаан-чачыны 1200 мм. Температурасы дайыма жогору (максимуму 31°С, минимуму 23°С). Калкы 317 миң (2012). Папуа булуңундагы порт. Эл аралык аэропорту бар. Соода борбору.

Thumb
Порт-Морсби.

Шаар 1873-жылы негизделген. 19-кылымдын аягында курулган турак-жайлар, Элла чиркөөсү (1890) сакталган. Университет, музейлер (улуттук, этнографиялык ж. б.) бар. Ботаникалык бак [экзотика бактары (бейиш чымчыктары мекендейт)] уюштурулган. Туризм (Географиялык улуу ачылыш доорундагы жана 2-дүйнөлүк согуш мезгилиндеги сууга чөккөн деңиз түбүндөгү кемелер кызыктырат) өнүккөн.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads