Пржевальский, Николай Михайлович

From Wikipedia, the free encyclopedia

Пржевальский, Николай Михайлович
Remove ads

Пржевальский Николай Михайлович (1839-1888) 1839-жылы Смоленск губерниясындагы Кимборов кыштагында туулган.

Thumb
Пржевальский Николай Михайлович (1888).
Thumb
Пржевальский жылкы (Equus caballus przewalskii).

Ал орус элинин улуу географы, Борбордук Азияны изилдөөчү, генерал-майор, Петербург Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү.

Саякаттары

  • 1867-1869-жылдары Уссури аймагына,
  • 1870-1885-жылдары Борбордук Азияга 4 жолу саякат жасаган.

Изилдөөлөрү, эмгектери

Борбордук Азиядагы негизги кырка тоолордун-Орус, Москва, Пржевальский, Алтын-Тоо орун алуу багытын аныктап, Лобнор көлүн изилдеген жана этнографиялык маалыматтарды чогулткан.

  • 1885-жылы Тибетке жасаган экинчи саякатынан Кыргызстандын аймагы аркылуу кайткан.
  • 1888-жылы күзүндө Борбордук Азияга 5-жолу саякатка бара жатып, жолдо келте оорусунун айынан каза болгон.

Сөөгү Ысык-Көл облусунун борбору болгон Каракол шаарынын жанына, көлдүн боюна коюлган.

1889-жылы анын ысымы Каракол шаарына берилген.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Урустанбеков Б.У., Чороев Т.К.Кыргыз тарыхы кыскача энциклопедиялык сөздүк.Ф.,1990.
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads