Программалык жабдык

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Программалык жабдык, программалык жабдуу, программалык камсыздоо, программалык жабдылыш (англ. software, орус. программное обеспечение) — компьютердик программалардын же алардын бир бөлүгүн, процедураларын, аларда иштөөнү жеңилдетүү максатында ар бир программада болуучу документтердин (Жардам файлы) жана аларга байланышкан берилмелердин жалпы аталышы. Б. а. программалык жабдык - деп маалымат иштетүү системасынын жумушу менен байланышкан программалардын, процедуралардын, алгоритмдердин жана аларды документтөөнүн жыйындысын айтабыз. Программалык жабдууну аппараттык жабдуулар менен алмаштырбоо зарыл, бул экөөнүн эң жөнөкөй айырмасы биринчисин кармоого болбойт. Программалык жабдуу терминин ПЖ деп шарттуу кыскартылган түрүндө да колдонушат.

Remove ads

Программалык жабдууларды түрлөргө бөлүү

Программалык жабдыктарды башка максаттар менен төмөнкүчө бөлүүгө болот:

  • системдик програмдык жабдык: операциондук систем, драйвер, утилиттер ж.б.
  • колдонмо програмдык жабдык: тестик редакторлор, графикадык (сүрөт) редакторлору, (жеке колдонуучунун талаптарын ишке ашырган програм)
  • инструменталдык програмдык жабдык: програмдык жабдыктарды иштеп чыгуу үчун колдонулган програмдоо тил компиляторлору

ал эми таралуу жолу жана колдонуу боюнча:

  • Ачык булактуу программалык камсыздоо
  • жабык
  • эркин
  • эркин эмес программалык жабдууларга бөлүүгө болот.


1. Freeware бул класстагы ПЖлар бекер (акысыз) түрдө кенен таратылат.

2. Shareware бул класстагы ПЖлар кенен түрдө таратылат, бирок акысыз программалык жабдыктарга салыштырганда алардын акысын жактырып ала турганда сөзсүз төлөшөт.

3. Demoware бул класстагы ПЖлар кенен түрдө таратылат, бирок Freeware менен Shareware ПЖларга салыштырганда бул программалардын акысын төлөп жана автордон регистрациядан (каттоодон) өтмөйүнчө алардын кээ бир фунциялары иштебейт.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads