Промотор

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Промотортранскрипция башталуучу оперондун бөлүгү. ДНКнын транскрипциясын жүзөгө ашыруучу РНК - полимераза ферменти менен өзгөчө байланышуучу, ДНКнын ондогон нуклеотиддеринин кыска ырааттуулугу П. деп аталат. Позитивдик (оң) жөнгө салууда транскрипциянын натыйжалуу башталышы (инициация) үчүн белоктун П-уна позитивдик көзөмөлдүн (активатордун) биригиши зарыл. Тескери (негативдик) жөнгө салууда оператордун репрессор менен байланышынын натыйжасында РНК - полимераза оперондун узатасы боюнча аракеттене албайт жана структуралык гендердин транскрипциясы жүрбөйт. Эгерде оператордо репрессор жайгашпаса, анда РНК - полимераза оперондун бардык структуралык гендерин транскрипциялайт. Оперондун транскрипциясын көзөмөлдөөчү репрессор жөнгө салуучу ген аркылуу коддолот. Репрессордун молекуласы операторду таануу бөлүгүнөн сырткары, аны активдештирүүчү же активдүүлүгүн төмөндөтүүчү эффекторду таануу бөлүгүнө ээ.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads