Птолемей

From Wikipedia, the free encyclopedia

Птолемей
Remove ads

Птолемей Клавдий (90-жыл чен – 160-жыл чен) – байыркы грек илимпозу. Ал иштеп чыккан Ааламдын геоборбордук системасында асман жарык чыгаруучуларынын көзгө көрүнгөн кыймылы Жерди тегеренип айланып чыгышы менен түшүндүрүлгөн математикалык теорияны иштеп чыккан. Астрономия боюнча негизги эмгеги 13 китептен турат. «Альмагест» аттуу эмгеги байыркы астрономиялык билимдердин энциклопедиясында баяндалган. «Асман сферасынын айланышы жөнүндө» деген китеби чыкканга чейин да, кийин да илимий баалуулугун жоготкон эмес. «География боюнча колдонмо» (8 китеп) деген чыгармасында айрыкча ошол кездеги география илимин жыйнактап, карта түзүүнүн теориясын өнүктүрүп, жер кыртышынын 26 картасын сунуш кылган. Оптика боюнча латын тилинде жазылган баалуу эмгеги (5 китеп) 1801-жылы табылган.

Thumb
Клавдий Птолемей.
Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads