Пуэнт-Нуар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Пуэнт-Нуар
Remove ads

Пуэнт-НуарКонго Республикасындагы шаар. Атлантика океанындагы Пуэнт-Нуар кысыгынын жээгинде жайгашкан порт (жылына 8,1 млн тонна жүк ташылат; ал аркылуу өлкөнүн сырткы соодасынын дээрлик бардыгы өтөт). Калкы 779,4 миң (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү (Браззавилден кийинки) 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Браззавиль шаары менен темир жол аркылуу байланышат.

Thumb
Пуэнт-Нуар.

1883-жылы негизделген. Тамак-аш (май, балык беленделет), жыгаччылык, нефть ажыратуу, химиялык, бут кийим өнөр жай ишканалары, кеме верфи иштейт. Балыкчылык өнүккөн. Собор, океанография борбору бар. Пуэнт-Нуарга жакын жерде нефть (Пуэнт-Эндьен), калий тузу табылган.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads