Репортаж

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Репортаж (французча reportage – кабарлоо) – журналистикадагы кабарлоо жанры; автор өзү күбө болгон кандайдыр бир окуянын толугу менен ыкчам кабарланышы. ММКлардын түрүнө (басма сөз, телекөрсөтүү, радио уктуруу) жараша репортаждын материалы бири-биринен айырмалуу өзгөчө ыкмада берилип, фотосүрөттөр менен иллюстрацияланат. Басма сөздөгү репортаж – окуялуу жана тематикалуу болот, ошондой эле башка мезгилде өткөн окуялар бир темага бириктирилиши мүмкүндүк Радиодогу репортаж – окуяны толугу менен башынан аягына чейин баяндайт. Телекөрсөтүүдөгү репортажда экрандагы окуя комментарийленет. Ошондой эле репортаждын фотосүрөттөн да даярдалган түрү бар.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads