Ресифи

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Ресифи, Пернамбуку – Бразилиянын түндүк-чыгышындагы шаар. Пернамбуку штатынын административдик борбору. Калкы 1,7 млн (2010; шаар айланасы менен 3,8 млн). Эл аралык аэропорту бар. Атлантика океанынын жээгиндеги портчо. Шаардын негизги чарба тармактары – соода, транспорт, логистика кызматы, туристтик бизнес жана саламаттыкты сактоо. Компьютердик ж. б. программаларды түзүүнүн өлкөдөгү ири борбору. Тамак-аш–татымал, текстиль, химиялык, цемент, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Филология академиясы, университет, музейлер бар. 19-кылымдын архитектура эстеликтери сакталган. Туризмдин борбору.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads