Риккетсиялар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Риккетсиялар
Remove ads

Риккетсиялар — ээсинин (киши, айбанат ж. б.) клеткасында гана көбөйүп, оору козгоочу майда бактериялар.

Thumb
Rickettsia rickettsii.

Америкалык илимпоз X. Т. Риккетс ачкан (1909). Риккетсиялардын клетка кабыгы, цитоплазмалык мембрана, рибосома жана ядросу болуп, белок, нуклеин кислоталарын (ДНК, РНК ж. б.) синтездеп, бөлүнүү жолу менен көбөйгөндүктөн аларды бактерияларга кошот. Алар клеткада мителик кылгандыктан ээ организмдин клеткасынан даяр азык заттарды сицирет. Жагымсыз физикалык-химиялык факторлорду, ошондой эле айрым антибиотиктерди сезгич келет.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads