Романистика

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Романистика – роман тилдерин жана роман элдеринин адабиятын, фольклорун жана маданиятын изилдөөчү филологиялык тармактардын бири. Романистика орто кылымда пайда болуп, Кайра жаралуу доорунда өсүп өнүккөн. 19-кылымдын башында тилдердин тектештиги салыштырма-тарыхый метод менен изилденип, Романистиканын жаңы доору башталган. Романистиканын калыптанышына жана өнүгүшүнө орус филологдору (A. Н. Веселовский, В. Ф. Шишмарев, М. В. Сергиевский ж. б.), немец (Ф. Диц), австриялык (В. Мейер-Любке, X. Шухардт), италян (Г. Асколи), француз (Э. Бурсье) тилчилери чоң салым кошкон. 20-кылымдан илимпоздор роман тилдери жана адабияттарынын тарыхына гана эмес, анын кийинки өнүгүүсүнө көңүл бурушуп, илимий лингвистикалык мекемелерде Романистика борборлору, коомдору түзүлгөн.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads