Рязань

From Wikipedia, the free encyclopedia

Рязань
Remove ads

РязаньРоссия Федерациясындагы шаар. Рязань облусунун административдик борбору. Ока дарыясынын Трубеж дарыясына куя беришинде жайгашкан пристань. Калкы 520,0 миң (2024). Темир жол түйүнү. Машина куруу (заводдору: «Тяжпрессмаш», станок куруу, автомобиль агрегаттары, прибор куруу, металл карапа аспаптарын чыгаруу), нефть ажыратуу, химиялык, жеңил, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Төрт Жогорку окуу жайы, 3 театр, тарыхый-архитектуралык музей-корук, сүрөт музейи, И. П. Павловдун үй-музейи (ушул шаарда туулган) бар.

Thumb

11-кылымдын аягында негизделген. 1778-ж. чейин Переяславль-Рязанский аталган. 13-кылымдан Рязань княздыгынын борбору. Кремль ансамбли [анын ичинде Успенье (1693–99), Архангель (15-кылым) соборлору, Архиепископ палатасы («Олег сарайы», 17-кылым)], Спас монастырь комплекси (17–18-кылымдар), 17-кылымга таандык көптөгөн чиркөөлөр сакталган.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads