Севр тынчтык келишими (1920)

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Севр тынчтык келишими (1920) - Версаль-Вашингтон системасынын келишимдеринин бири.

Биринчи дүйнөлүк согушта жеңген союздаш державалар (Улуу Британия, Франция, Италия, Япония ж. б.) менен Түркиянын ортосунда 10-августта Парижге жакын Севр шаарында түзүлгөн.

Келишим боюнча Түркия бардык ээлигинен ажырап, аймагы 4 эсе азайган. Кара деңиз кысыктарынын зонасы толук куралсыздандырылып, эл аралык «Кысыктар комиссиясынын» контролдугуна өткөн. Капитуляция режими калыбына келтирилип, чындыгында Түркия өз алдынчалыгынан ажыраган.

Түрк армиясы баскынчыларды (грек, француз, армян аскерлерин) жеңгенден кийин Севр тынчтык келишими Лозанна тынчтык келишими (1923) менен алмаштырылган.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads