Семенов, чокусу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Семенов чокусу - Сары-Жаз кырка тоосунун эң бийик жери. Кырка тоонун чыгыш бөлүгүндө, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашкан. Бийиктиги 5816 м. Силурдун аягында, девондун башталышында пайда болгон чөкмө жана аларды жиреп чыккан интрузия тоо тектеринен түзүлгөн. Кырка тоонун бул бөлүгүндө зор мөңгү жатат. Түндүк-батышында Семёнов мөңгүсү жайгашкан. Чоку П. П. Семёнов Тянь-Шаньскийдин ысымынан аталган.

Remove ads
Колдонулган адабияттар
- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads