Семит-хамит тилдери
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Семит-хамит тилдери - африка -азия тил уясынын эски аты.
- Семит-хамит тилдери Түндүк Африкага жана Түштүк-Батыш Азияга таралган.
- семит, египет, бербер-ливия, кушит, чад деген бутактарга ажырайт.
- Булардан кеңири таралганы - семит тилдери.
- Египет тили 17-кылымдан өлүү тилге айланган, анын соңку формасы - копт тили - египеттик христиандардын дин ишине гана кызмат кылат.
- Бербер бутагы өз ара жакын диалектилик топторго эгедер. Кушит тилдери беш топтон турат. Чад тилдери - он топчодон турган өзүнчө бир топ. Хауса тили жана Борбордук Судандагы ага тектеш тилдер да ушул топко кирет.
Семит-хамит тилдерине мүнөздүү белгилер: үнсүздөрдүн үч түрү бар (жоон, каткалаң жана күч менен айтылчу «дабышсыз» үнсүз): муун түзбөгөн й, у жана үнсүз тыбыш маанисинде көмөкөй тыбыш жарылмасы колдонулат.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads