Сокотралыктар
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Сокотралыктар — семит эли. Сокотра (Йеменге караштуу) аралынын түпкү калкы.
Саны 71,4 миң адам.
Тил
Сокотра тили семит уясынын түштүк аравия тобуна кирет. Араб тили да колдонулат.
Ишенимдер
Ишенгендер мусулмандар (шафит мазхабынын сүннөтөрү). 15-кылымдын аягына чейин аралдын калкы христиан (несториан) болгон. 1480-жылы аралды Махра султандыгы басып алгандан кийин, калк исламдашкан. Исламга чейинки (бутпарас жана христиан) элементтер сакталып калган.
Келип чыгышы
Элдин калыптанышына аралдын байыркы түштүк семит уруулары, индиялыктар, гректер, арабдар, эфиопиялыктар, сомалилер, бантулар, португалдар катышкан.
Экономика
- Балыкчылык (акула, тунец, ментициррус, риф балыктары, омар ж.б.). Акуланын эти экспортко кетет.
- Багбанчылык (финник ж.б.).
- Малчылык (кой, эчки, уй, төө) тоолуу жерлерде. Эритилген уйдун майын (ги) материкке сатканга алпарышат.
- Жыпар жыттуу чайырларды (ладан, мирра, драцена) чогултуу. Баары экспортко кетет.
Турак жай
Тоолордо таштан курулган үйлөрдө жашашат. Үңкүрлөр сезондук турак жай катары колдонулат. Жээк түздүгүндө алар ракушечниктен жана пальма бутактарынын кепелеринде жашашат.
Маданият
Бай оозеки фольклор сакталып калган – мифтер, жомоктор, уламыштар, теметхель (афористикалык төрт сап ырлар), каада-салт ырлар (майрамдык то’одиин, эмгектик кулхель ж.б.).
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads