Стипендия

From Wikipedia, the free encyclopedia

Стипендия
Remove ads

Стипендия – студенттерге, аспиранттарга же башка билим алуу процесcинде жүргөн адамдарга акча же башка ресурстар түрүндө берилүүчү финансылык колдоо каражаты. Стипендиялар билим алууну колдоп, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле финансылык кыйынчылыктарды жеңүү үчүн берилет.

Thumb

Ал мамлекеттик, муниципалдык же жеке адамдар тарабынан берилиши мүмкүн.

Түрлөрү

    • Мамлекеттик стипендиялар: Өкмөт тарабынан сунушталат жана адатта мамлекеттик билим берүү мекемелеринде окуган студенттерге берилет.
    • Жеке стипендиялар: Жеке ишкерлер, фонд же уюмдар тарабынан берилет. Мындай стипендиялар адатта белгилүү критерийлерге негизделет. Мисалы: академикалык жетишкендиктер, спорттук ийгиликтер же коомдук ишмердүүлүк.
    • Магистратура жана аспирантура стипендиялары: Жогорку билим алууга арналган, адатта, конкреттүү изилдөө тармагына багытталган.
    • Эл аралык стипендиялар: Чет өлкөнүн өкмөтү тарабынан же уюмдар тарабынан берилет.
Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads