Тойчубай Субанбеков

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Тойчубай Субанбеков (1953, Кетмен-Төбө өрөөнүдө[1]) — жазуучу. «Барс-бек кагандын көрөр көзү» аттуу тарыхый романы үчүн «Түгөлбай-Ата» эл аралык коомунун сыйлыгынын лауреаты.

Ыкчам фактылар Туулган датасы:, Туулган жери: ...

Тойчубай Токтогул районундагы Кетмен-Төбө өрөөнүдө 1953-жылы 12-декабрда туулган.

Онунчу классты Торкен орто мектебинен бүтүрүп, колхоздор аралык курулуш уюмунда бетончу болуп иштеп, Советтик Армиянын катарында айдоочу болуп кызмат өтөгөн.

1980-жылы Кыргыз мамлекеттик универстетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, республикалык «Мугалимдер газетасында» кабарчы, бөлүм баш-чы, «Эл жарчысы» жумалыгында, «Кырчын» журналында иштеген.

Алгачкы чыгармалары райондук, республикалык гезиттерде, «Жаш ленинчи» журналында, «Көктөм», «Учкун» альманахтарында жарыяланган.

Биринчи «Издер өчпөйт, издер жаңырат» аттуу аңгемелер жыйнагы 1986-жылы «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн.
Публицистикалары мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыяланып келет.

1989-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1990-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги.

Remove ads

Жарык көргөн китептери

  • Издер өчпөйт, издер жаңырат: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 87 б.
  • Көөдүлдүн кыркалекей теректери: Повесть. «Ала-Too» журналы 1991.
  • Жүрөктөш жар: Чакан роман. – Б.: Салам, 1996. – 111 б.
  • Жээренче чечендин акыркы күндөрү: Роман. – Б., 1999.
  • Барс-бек кагандын көрөр көзү: Роман. – Б.: Айат, 2002. – 192 б.
  • Каратүлөк чоронун эрдиги: Роман. – Б.: Бийиктик, 2004. – 96 б.
  • Күнбосун ажо: Роман. – Б.: Гүлчынар, 2007. – 176 б.
  • Жалдуу Каба Роман[2]
  • Эр Садыр Роман[3]
  • Ак өргөөгө кут төшкөндө Роман[1]
Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads