Тайбэй
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Тайбэй — Тайвандагы шаар. Тайвань провинциясынын административдик борбору. Тайвань кысыгындагы (Чыгыш Кытай деңизинин түштүгүндө) деңиз аванпорту. Калкы 2,7 млн (2010; агломерациясы менен 8,5 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорттору (Таоюань жана Суншань) бар. Аралдын экономикалык (анын ичинде соода-финансы), илимий жана маданий борбору. Металлургия, машина куруу, цемент, химиялык, жыгаччылык, электр приборлор (калькулятор, телевизор ж. б.), тамак-аш, текстиль жана тигүүчү өнөр жай ишканалары иштейт. Тайбэй финансы корпорациясына тийиштүү болгон 101 кабаттуу «Тайбэй 101» небоскрёбу, Чан Кайши мемориалы, театр, Император ак сарайы жана көркөм искусство музейи, зоопарк, будда жана даос храмдары, университет ж. б. бар. 1956-жылдан Тайбэй – Тайвань аралынын негизги шаары.
Remove ads
Булактар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads