Тамара
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Тамара (12-кылымдын 60-жылдарынын ортосу - 1207) - Грузия ханшасы (1184-1207).
Тамара падышалык кылган мезгилде Грузия аскердик-саясий ири жеңиштерге жетишкен. Грузия армиясы Шамхордун жанында (1194) азербайжан атабеги Абубекрди жана анын союздаштарын, Басиандин жанында (1202) рум султаны Рукнаддинди жеңип, Карсты алып (1204), бүт Закавказьени караткан. Византиядан тартып алынган жерлерде Трапезупд империясы түзүлүп, ал көпкө чейин Грузиянын саясий таасиринде болгон. Эрзин султаны, Арзрум эмири, Хлат султаны жана Түндүк-Кавказ тоолуктары Грузиянын вассалына айланган. Тамара мыйзам чыгаруучу жана башкаруучу укукту өзү алган, мамлекеттик иш терди мамлекеттик жогорку советтин («Дарбази») катышуусу менен чечкен. Феод, тартиптерге каршы чыккан көтөрүлүштөрдү аёосуз баскан.
Тамаранын тушунда соода, адабият, искусство, архитектура өнүккөн; шаарлар өскөн; кербен жолдор курулган, Россия менен Грузия ортосунда саясий байланыш түзүлгөн.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads