Тасмания
австралиянын штаты жана арал. From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Тасмания – Австралиянын түштүк-чыгыш жээгиндеги арал жана Австралиянын штаты.Материктен Басс кысыгы менен бөлүнүп турат. Жанаша жаткан аралдар менен бирге Австралия штатын түзөт.
Remove ads
Этимология
Бул штат Австралияга карашту Тасмания аралында жайгашкандыгына байланышту аралдын аталышы менен аталып калган.
Негизги маалымат
Аянты 68 миң км2. Калкы 512,0 миң (2011). Көбү – англис-австралиялыктар. Административдик борбору – Хобарт шаары Арал структурасы боюнча Австралиядагы Чоң Суу Бөлгүч кырка тоосунун уландысы. Рельефинде бири-биринен ажыраган платолор жана жалпак тоолор басымдуу; (бийиктиги 1617 мге чейин; Осса чокусу).

Жери тууралуу
Кен байлыктары: полиметалл жана темир кен таштары, калай, жез, алтын ж. б. Жээги булуң-буйткалуу (Маккуори, Сторм, Грейт-Ойстер ж. б.). Климаты түндүгүндө субтропиктик, түштүгүндө мелүүн нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 600–1000 мм. Ири дарыялары – Теймар-Макуори, Деруэнт. Аралдын аянтынын 44%ин нымдуу токой, 21%ин улуттук парктар ээлейт. Түштүк-батышын түнт эвкалипт жана ийне жалбырактуу токой, жыгач сымал папоротник, альп өсүмдүктөрү, борбордук жана түштүк- чыгышын нымдуу склерофиль эвкалипт токою, шалбаа жана мамык чөптүү саз ээлейт. Жаныбарларынын көбү – эндемиктер. Аралды 1642-жылы голланд. деңиз саякатчысы А. Тасман ачкан. 1856-жылдан, Британия ээлиги деп жарыялангандан бери, ушул аталышында. 1901-жылдын 1-январынан Австралиянын Тасмания штаты.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads