Гүлмира Ташматова
Кыргызстандык актриса From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Гүлмира Ташматова – театр жана кино артисти.
Remove ads
Кыскача өмүр баяны жана чыгармачылыгы
Гүлмира 1981-жылы айылынан орто мектепти аяктагандан кийин, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга өтөт.


1983-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктагандан кийин, ошол эле жылы кайрадан ачылган Ысык-Көл облустук драма театрына ишке кирет.
Театрда эки жыл чамасында эмгектенген соң 1985-жылы Москва шаарындагы Малый театрдын М.С.Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайына “Театр жана киноактеру” бөлүмүнө өтөт.
1989-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктап келип, Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында кайрадан жаңы ачылган Кыргыз мамлекеттик жаштар жана жекткинчектер театрына (ТЮЗ) кабыл алынат.
Чейрек кылымдык чыгармачылык таржымалынын ичинде Гүлмира кыргыз театрындагы өз орду, өз жүзү бар көрүнүктүү артисттердин бири болуп чыга келди.
Ал комедиядан тартып бийик драмага чейинки түрдүү диапозондогу образдарды кондициясына жеткире чыгарган көп кырдуу таланттардын катарынан орун алды.
Ошол эле учурда Гүлмира Ташматовасыз азыркы кыргыздын улуттук киносуна барандуу салым кошуп, алгачкы эле киноролунан тартып көрүүчүлөргө таланттуу киноактриса катары таанылды.
Гүлмиранын театрдагы бир кыйлалаган ролдорунун ичинен эң көрүнүктүү чыгармачылык ийгилиги катары “Талант жана тагдыр” (авт.Ж.Кулмамбетов) драмасындагы кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкееванын ролун көрсөтүүгө болот.
Актриса жараткан бул образ жалпы эле кыргыз сахна өнөрүнүн бийиктигин аныктаган көркөм чыгармачылык туундулардын катарына кирет.
Ал эми кинодогу эң ийгиликтүү ролдорунун катарына “Кандуу сүйүү” фильминдеги Кара кийинчен аял, “Чыңгыз менен Бүбүсайрадагы” Алмакан, “Жаралнган турналардагы” Зууракан, “Токолдор тополоңундагы” Бурулай, “Кыз жигиттеги” Нуркамалдарды кошуу абзел.
Remove ads
Театрда ойногон негизги ролдору
- Асыл (М.Тойбаев), “Жаңы келин”)
- Майрам (М. Байжиев, “Окуя”)
- Кенже (Ж.Садыков, “Эр Төштүк”)
- Елена Сергеевна (Разумовская, “Кымбаттуу Елена Сергеевна” )
- Пери (С.Раев, “О, кыздар”)
- Эрке кыз (Саид Ахмад, “Күйөө бала”)
- Чөө (Л.Устинов, “Жыгач жол”)
- Бакен Кыдыкеева (Ж.Кулмамбетов, “Талант жана тагдыр”)
- Сүйүн, Нес болгон аял (Ж.Кулмамбетов, “Аксыдагы атуу же Боспиектеги карантүн”)
- Алмакан (Ж.Кулмамбетов, “Чынгыз менен Бүбүсайра”)
- Кара кийимчен аял (Ж.Кулмамбетов, “Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза!”)
- Жамал (А.Дыйканбаев, “Мүрөктүн суусу”)
- Элмира (Ч.Калыбекова, “Үмүт”)
- Жумагүл (А.Чекиров, “Мусакожо”)
- Суусар (Ч.Калыбекова, “Мен да бактылуу болгум келет”)
- Аялдын 53 жаш курагы (Э.Олби, “Узун бойлуу үч аял”)
- Кацалио (К.Гоцци, “Жылаан-аял”) ж.б.
Remove ads
Тасмаграфиясы
Наамдары жана сыйлыктары
- Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
- Бакен Кыдыкеева атындагы республикалык сыйлык
- Анвар Куттубаева атындагы республикалык сыйлык
- Сүймөнкул Чокморов атындагы республикалык сыйлык
Колдонулган адабият
Интернет шилтемелер
(жеткиликсиз шилтеме)
Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
(жеткиликсиз шилтеме)
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads