Токсикология

From Wikipedia, the free encyclopedia

Токсикология
Remove ads

Токсикология (грекче τοξικος — уу жана λογος — илим, τοξικολογία — уулар жөнүндө илим) — медицинанын уулуу заттардын физикалык жана химиялык касиетин, алардын тирүү организмге тийгизген таасирин жана анын натыйжасында пайда болгон патологиялык процесстерди (Уулануу) дарылоо жана алдын алуу методдорун изилдөөчү тармагы.
Токсикология уулануудан сактануу жана дарылоо жолдорун, ошондой эле биология жана медицинанын ар кандай тармактарында ууларды пайдаланууну изилдейт. Ал фармакология менен тыгыз байланыштуу. Көпчүлүк дары заттар чоң дозада ууландырат; ал эми айрым уу заттардын аз дозасы дарылык таасир тийгизет.

Thumb
Remove ads

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads