Токтогул (аэропорт)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Токтогул аэропорту (англ. Toktogul Airport) (IATA: жок (ТГЛ), ICAO: UAFX) ― Токтогул шаарына кызмат көрсөтүүчү аэропорт. Аэропорт шаардын четинде жайгашкан.
Remove ads
Тарыхы
Токтогул аэропорту 1950-жылдарда жакынкы Токтогул ГЭСинин инженерлеринин транспорттук муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн иштей баштаган. Азыркы учуу тилкеси 1970-жылдары курулган. Аэропортто терминал жок, инструменталдык конуу жабдыктары орнотулган эмес жана ал күндүзгү убакта гана иштейт.
1990-жылдарга чейин аэропорт Жалал-Абад (Жалал-Абад—Токтогул—Талас), Ош (Ош—Жалал-Абад—Токтогул—Талас) жана Талас (Талас—Токтогул—Жалал-Абад) багыттары боюнча каттамдарды аткарып турган.
Аэропорт учурда иштебейт. Алдыдагы жылдарда Токтогул аэропортун калыбына келтирүү пландалууда[1].
Remove ads
Дагы караңыз
Булактар
Шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads