Трамплин

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Трамплин (фр. tremplin - тирөөч) - секирүүдө пайдаланылуучу спорттук курулма. Ал лыжа, лыжа-суу, суу жана гимнастикалык Трамплин болуп бөлүнөт.

Секирүү узундугу боюнча Трамплиндин окуп-үйрөнүүгө арналган жана спорттук, ал эми конструкциясына жараша табигый жана айкалышкан түрлөрү бар. Табигый Трамплиндин секирүүчү жери жасалма констр., ал эми айкалышканы күүлөнүүчү жасалма дөңсөө түрүндө курулат. Трамплиндер калыс мунарасы, трибуналар, электр жарыктандыргычтар менен жабдылат. Лыжа Трамплини боюнча мелдеш жүргүзүү алдында, Трамплин 1-2 күнгө жабылып, жаңы кар себилет жана тегизделип тапталат.

КРдин спортчусу Д. Чвыков Трамплинден секирүү боюнча Солт-Лейк-Ситиде өткөн кышкы олимпиадага катышкан (2002).

Remove ads

Колдонулган адабияттар

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads