Тропик

From Wikipedia, the free encyclopedia

Тропик
Remove ads

Тропик (гр. tropikos - бурулуш тегереги) - Жер шаарынын экватор сызыгынын түндүк жана түштүк тарабындагы 23° 26' 13'' кеңдиктериндеги (Күн бир жылда эки жолу дал төбөгө келүүчү) аралыкты ээлеп жаткан географиялык параллелдер.

Thumb
Тропиктер жана экватор.

Ошондой эле, Түндүк жана Түштүк Тропиктердин аралыгында кеңдик боюнча созулуп жаткан зона.

Тропик алкагы

Тропик алкактары - Жердин эки географиялык алкагы.

Түндүк жана түштүк жарым шарда субтропик жана субэкватор алкактарынын аралыгында жайгашкан. Тропик алкактарынын материктик бөлүгүнө чөл жана жарым чөл ландшафты, океанына суунун жогорку температурасы менен туздуулугу мүнөздүү. Аба массасынын антициклондук айланышы үстөмдүк кылып, аймагынын көп бөлүгүндө салыштырма нымдуулук төмөн жана булуту өтө аз. Эң жылуу айынын орт. температурасы түздүктөрдө 30-35°С, эң салкын айыныкы 10°Сден темен эмес; абс. максимуму 61°С (Жер шарындагы эң жогорку температуpa), минимум 0°Сден төмөн.

Жылдык жаан-чачыны 50-200 мм (муссон климаттуу чыгышында жылына 1000-2000 ммте чейин жаайт). Тропик алкактары материкте 4 секторго бөлүнөт: Чыгыш океан жээги - нымдуу, токой ландшафты басымдуу; чыгыш өтмө - сейрек токой жана бадал ландшафты; ички материктик жана батыш океан жээги - чөл жана жарым чөл ландшафты басымдуу.

Тропик алкактары кургактыкта тропиктик нымдуу токой, тропиктик саванна, сейрек жана кургак токой, тропиктик чөл жана тропиктик жарым чөл зоналарына бөлүнөт.

Remove ads

Байланыштуу макалалар

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads