Түркстан генерал-губернаторлугу

From Wikipedia, the free encyclopedia

Түркстан генерал-губернаторлугу
Remove ads

Түркстан генерал-губернаторлугу (орус. Туркестанское генерал-губернаторство) — Орусия империясынын курамагындагы аймактык-административдик бирдик.

Ыкчам фактылар

Түркстан генерал-губернаторлугу Александр 7/нин атайын белгиленген 1867-ж. 11июлдагы буйругуна (толук түрдө - «Түркстан обл., 1866-ясылдан бери каратылган Ташкент району, Сыр-Дарыянын аркы өйүзү, Семипалатинск облусунун бир бөлүгү, Тарбагатай кырка тоосунун түштүгүндөгү жерлерде тез арада Түркстан генерал-губернаторлугун түзүү») ылайык, мурунку Туркстан облусунун (1865-67) ордуна түзүлгөн. Алгач Жети-Суу жана Сыр-Дарыя обл-тарын бириктирип, Согуш министрлигинин карамагына берилген жана борбору болуп Ташкент ш. тандалып алынган. 1868-ж. жаңы каратылган Ташкент шаарынын гүштүгүндө Заравшан округу (1887-жылдан Самарканд обл.), 1876-жылдан Кокон хандыгынын борбордук аймагында Фергана обл., 1897-жылдан мурунку Кавказ генерал-губернаторлугуна караштуу Каспий бою обл. кирген. 1886-жылдан расмий түрдө Түркстан крайы деп аталып, крайда согуш министрлигине баш ийген аскердик адм. башкаруу системаны орноткон (к. Кыргызстандын падышачылык мезгилдеги администрациялык бөлунушу). Падыша өкмөтүнүн колониалдык саясатын жүргүзүүгө ылайыкталган мындай адм.-аймактык түзүлүш Улуу Октябрь революциясынан кийин жоюлган.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads