Уран (химиялык элемент)

From Wikipedia, the free encyclopedia

Уран (химиялык элемент)
Remove ads

Уран (химиялык элемент) - (лат. Uranium, U) - элементтердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-катарынын III тобундагы радио активдүү элемент.

Thumb
Уран.

Актиноиддерге кирет. К. н. 92, ат. м. 238,029. Урандын м. сандары ²²⁸U - ²⁴¹U болгон 14 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу - ²³⁷U. Жер кыртышынын (массасы боюнча) 3-10 4 % ин тузөт. 1789-ж. немис химиги Мартин Генрих Клапрот ачкан, металл түрүндөгү 1841-ж. фр. химиги Эжен Пелиго У. UCl4тү калий менен калыбына келтирүүдөн алган:

Табиятта Уран отенит, титаниттер, танталониобат ж. б. минералдардын курамында болот. Ак түстөгү, оор металл; б. эрүү t 1572°С; кайноо t 4487°С; бирикмелеринде +3, +4, +5 жана +6 (кээде +2) окистенүү даражаларьш көрсөтөт. Уран кычкылтек менен UO2, UO3, U2O3 оксиддерди, галогендер менен галогениддерди, азот менен 450-700 °Сде U4N7 нитридди, көмүртек менен карбидди, металлдар менен ар түрдүү куймаларды пайда кылат. Уран туз, азот кислоталарында жакшы эрийт, ал эми щелочтор менен реакцияга кирбейт. Урандын (III) валенттүү бирикмелери күчтүү калыбына келтиргич заттар. Уран жана анын бирикмелери АЭСте ядро реактор отуну катары, ошондой эле металлургияда колдонулат.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads